Турсунбеков Сегизбаевдин кызматтан алынышын эл мүдөөсүнө байланыштырды
- Биринчи кезекте бардык нерсе коомчулукту тынчтандыруу, ар кандай кеп-сөздөрдү токтотуу максатын көздөшү керек. Эл эмнени күтсө, ошол багытта болушу керек. Башка чоо-жайын билбейм, бирок коомдогу талаптарды эске алуу менен ишке ашып жатса керек деп ойлойм.
Абдил Сегизбаев өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан өз арызынын негизинде бошотулганы 7-апрелде расмий кабарланды.
Өлкөдө коомчулук өкүлдөрү президент С.Жээнбековдон жемкорлукка каршы күрөштү чындап жүргүзүү үчүн күч жана мыйзамдуулукту сактоо мекемелеринде жетекчиликке жаңы башчыларды алып келүү талабын айтып чыгышкан. (SE/BkA)