КСДП мүчөлөрү Апрель окуясын эскерди
Апрель окуясынын сегиз жылдыгына карата бүгүн Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен да эскерүү иш-чаралары өттү. “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги эскерүүгө экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков да барды. Мурдагы президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев катышкан жок. Партиянын маалыматына ылайык, Атамбаев ооруп калганына байланыштуу иш-чарага катыша алган жок.
2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, Бакиев бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, жүздөн көбү жараат алышкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан. (SE)