"Фейсбук" эми саясий жарнама бергендердин тек-жайын сурайт
Цукерберг АКШ Конгресси былтыр күзүндө кабыл алган социалдык желеге саясий жарыя чыгаргандардын тек-жайын ачык айтууну талап кылуу тууралуу мыйзамды колдоорун кошумчалады. Ошондой эле ал шайлоодогу талапкердин аты-жөнү түздөн-түз айтылбаган, рацизм, куралга байланышкан жарнамаларды жайгаштыргандар тууралуу көбүрөөк маалымат берилиши керектигин да айтты. Эрежеге баш ийбегендердин жарыясы чыкпайт.
АКШдагы соңку президенттик шайлоодо орусиялыктар социалдык тармак аркылуу таасир тийгизүүгө аракет кылганы тууралуу маалыматтар айтылып келет.
Орусиядагы "Троллдор фабрикасы" атыккан "Интернет изилдөөлөр агенттигин" АКШ өкмөтү "жалган маалыматтарды жана орус бийлигинин үгүтүн жайылтууда" деп айыптап келет.