Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өзбекстан окко учкан кыргыз жараны чек араны бузганын айтты

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына караштуу Чек ара кошуундары мекемеси кыргыз-өзбек чек арасында киши өмүрү кыйылган окуяга түшүндүрмө берди. 


Анда Кыргызстандын жараны "чек ара тилкесин бузуп, Өзбекстандын аймагына киргени, жоокердин эскертүүсүнө, абага ок атылганына да маани бербегени, андан соң Кыргызстандын аймагына качып өткөнү" айтылат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга таянып, "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлады. Кабарларга караганда, эки өлкөнүн тийиштүү кызматтары окуянын чоо-жайын чогуу иликтеп жатышат. 


Аксы районунун Курулуш айылынын 34 жаштагы тургуну 7-апрелде өзбек чек арачылары аткан октон жарадар болуп, Кербен шаарындагы ооруканада көз жумган. Буга байланыштуу Бишкек Ташкентке нота жиберген.


Мамлекеттик чек ара кызматы маркум Кыргызстандын аймагында, чек арага жакын Мамай айылына баратканда окко учканын билдирген.


Өкмөт башчы тийиштүү кызматтарга тапшырма берип, чоо-жайын иликтөөнү тапшырган. (SE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *