Сирияда элге каршы химиялык курал колдонулганы айтылууда
"Режимди колдоп келатканына байланыштуу миңдеген сириялыктарга аёосуз химиялык курал колдонулганы үчүн Орусия да жооптуу. Сирия өкмөтүн абадан коргоп келаткан Орусия Бириккен улуттар уюмунун алдында кепилдик алган милдеттерди бузду" деп белгиленет баяндамада.
Сириядагы козголоңчулар тобу жана эл аралык уюмдар 7-апрель күнү өкмөт кошуундары Чыгыш Гутада жайкын тургундарга уулуу химикаттардан турган бомба ыргытканын айтып чыгышкан.
Козголоңчулардын көзөмөлүндөгү бул аймакты учурда өкмөт күчтөрү курчап алышкан.