Өзбекстан Тажикстанга газ бере баштады
Газ жеткирүү боюнча Ташкент менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы келишимге быйыл мартта, өзбек президенти Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барганда кол коюлган.
Эки мамлекеттин ортосундагы газ куурлары 2012-жылы үзүлгөн болчу.
Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда эки өлкөнүн ымаласы начар болгон.