Прокуратура кызматкери 200 миң доллар пара менен кармалды
Башкы прокуратуранын Соттордун ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев кармалганы тууралуу интернетке тараган маалыматты УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка" бышыктады:
- Башкы прокуратуранын башкармалык башчысы 200 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды. Бул иш боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Улан Чалбаевди 16-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери колго түшүргөн.
Айрым маалыматтар боюнча, ал азырынча аты айтылбаган жарандан пара катары 500 миң доллар талап кылган. УКМК бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. (ZKo)