Тажикстанда кыска юбка кийүүгө тыюу салынды
Жакында эле өлкөнүн Маданият министрлиги чыгарган "Тажикстанда кийим кийүү боюнча сунуштар" деген китепте аялдарга европалык стилдеги кийимдерди кийүүгө тыюу салынбай тургандыгы, анткен менен жергиликтүү аялдар тизеден 15-20 см өткөн юбкаларды кийүүгө тийиш экени жазылган.
Ошондой эле тыюу салынган кийимдердин тизмесине тор көйнөктөр, ийинди жана көкүрөктү ачкан кийимдер, кара узун кийимдер жана кара жоолуктар кирген.
Иранда кыска көйнөктөрдү кийүүгө 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин тыюу салынган. Араб өлкөлөрүндө аялдарга башынан бутуна чейин тулку-боюн жапкан көйнөктөрдү гана кийүү уруксат. Былтыр Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова мектеп окуучуларына кыска жана чытырайган юбка кийүүгө тыюу салууну сунуш кылган.