Химиялык куралга тыюу салуу уюму Скрипалдын ууланышы боюнча жыйын курат
Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун курамындагы мамлекеттер Гаагадагы жолугушууда орусиялык мурдагы агент Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын Британиянын Солсбери шаарында ууландырылышын окуяны талкуулайт.
Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун аткаруу комитети инспекторлордун уулануу боюнча баяндамасынан кийин Британиянын өтүнүчү менен чогулууда.
Орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипаль кызы Юлия экөө 4-мартта ууландырылганы үчүн расмий Лондон Москваны айыптаган жана "аларды ууландырууда адамдын нервин шал кылган “Новичок” деген уу зат колдонулган" деген бүтүмгө келген.
Москва Лондондун билдирүүсүн “далили жок” деп четке каккан.
Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм өткөн жумада жарыялаган баяндамасында "Новичок" тууралуу айткан эмес, бирок "Британиянын "Солсбериде колдонулду" деген уулуу химиялык затка байланыштуу жыйынтыгын" ырастаган.
Өткөн жумада Юлия Скрипаль ооруканадан чыкканы, атасынын абалы да оңолуп баратканы айтылган.
Алардын ууландырылышы Батыш мамлекеттери менен Москванын мамилесин салкындаткан. Британия, АКШ жана Евробиримдик өлкөлөрү 150дөн ашык орус дипломаттарын өз аймактарынан чыгарган. Орусия да ушундай эле кадамга барган.