Армениядагы кырдаал али да тынч эмес
АКШнын жогорку даражалуу чабарманы Түндүк Кореяга жашыруун барып, Ким Чен Ын менен жолукканы белгилүү болду. Арменияда экс-президент Серж Саргсян премьер-министрликке шайлангандан кийин да эл толкуну тыйылбай жатат. Иракта орусиялык жана азербайжандык аялдар менен кошо Кыргызстандын бир жараны да өлүм жазасына кесилгени кабарланды.