АКШнын өкүлү Түндүк Кореяга барып келди
АКШнын жогорку даражалуу чабарманы Түндүк Кореяга жашыруун барып келгени белгилүү болду. Борбордук чалгын кызматынын директору, мамлекеттик катчылыкка талапкер Майк Помпео өз сапарында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолукканын америкалык медиа кабарлады. Жолугушуу өткөн аптада болгонун бүгүн президент Дональд Трамп да ырастады. Бул окуя Пхеньян менен Сеулдун келерки аптага белгиленген саммитине жана АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин жолугушуусу даярдалып жаткан учурга туш келди.