"Республика - Ата Журт" фракциясы мэрдин отчетун жактырган жок
Бишкек шаардык кеңешиндеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаттары өзгөчө Ош базарындагы өрт кайра-кайра кайталанганын, аны мэрия алдын албай калганы аз келгенсип, эч ким жоопко тартылбай калганын да жүйө келтиришти.
"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаттары Албек Ибраимовдун отчету боюнча маселени Бишкек шаардык кеңешинин сессиясына алып чыкмай болушту.
Бүгүн эртең менен башталган жыйында фракция өкүлдөрү мэрди гана чакырганын айтып, анын орун басарларын, башка департамент жана башкармалыктардын жетекчилерин залдан чыгарышкан. Мэр болсо мыйзамда жана регламентте "фракцияга отчет берүү" деген жок экенин, фракция мыйзамды бузуп жатканын, бирок отчет берүүдөн качпай турганын айткан. Ал мектептерди, маданий жайларды, жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатканын белгилеп, быйыл Бишкекте план боюнча 100 көчө оңдолоорун билдирген.
Бишкектин жолдорунун узундугу 1400 чакырымды түзөт. Анын болгону 250 чакырымынын гана абалы канааттандырарлык деп бааланган.
45 депутаттан турган Бишкек шаардык кеңешинде беш фракция бар. КСДПга 13, "Республика-Ата-Журтка" 12, "Өнүгүү-Прогресске" сегиз, "Мекеним Кыргызстанга" жети, "Кыргызстан" фракциясына беш мандат берилген. Бишкек шаардык кеңешин шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында өткөн. (ErN\KE)