Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ Ооганстанда журналисттердин өлтүрүлүшүн айыптады

Кошмо Штаттар Ооганстанда журналисттердин өлтүрүлүшүн айыптады. Вашингтон жоочулар “демократиянын өзөгүнө” кол салуу менен парламенттик шайлоону "үзгүлтүккө учураткысы келет" деп билдирди. Мамлекеттик катчы Майк Помпео Кабулда дүйшөмбүдө болгон кош жардырууну "жапайычылык жана маанисиз аракет" деп атады.


"Ислам мамлекети" радикал уюму уюштурган теракттан 25 киши, анын ичинде тогуз журналист курман болгон. Алардын экөө Абдулла Хананзай менен Сабавун "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Кабулдагы бюросунда иштечү. Биринчи кол салуудан көп өтпөй болгон экинчи жардыруу атайын журналисттерди бутага алган.


АКШнын коргоо министри Жим Мэттис “добуш берүүдө жеңе албаган кишилер бомбага күнү түшөт” деп комментарийледи.


Мындан бир жумадай мурда Кабулда шайлоочуларды каттоо борборунда жанкечтинин жардыруусунан бери дегенде 60 киши мерт болуп, 120га жакын адам жараланган. Парламенттик шайлоого катышуу үчүн документ алганы келген кишилер чогулган жердеги терактты да “Ислам мамлекети” радикал уюмунун жоочулары ишке ашырганы маалымдалган.


Ооган өкмөтү талиб согушкерлери менен да күрөшүп келатат. Президент Ашраф Гани "Талибанга" шарт койбостон тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү сунуш кылганы менен, жыл башынан бери Кабулда эле жүздөгөн киши ар кандай чабуулдардан ажал тапты.


Парламенттик шайлоо Ооганстанда ушул күздө болмокчу.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *