Армения: премьерликке сунушталган Никол Пашинян жетиштүү добуш ала алган жок
Премьер-министрликке шайланыш үчүн Пашинян кеминде 53 добуш алышы керек болчу.
1-майда Армения парламенти – Улуттук жыйындагы добуш берүүдө Никол Пашинян өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн жалгыз талапкер болду. 105 мандаттуу Армения парламентинде 58 депутаты бар мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы элдин сүрүнөн жана талабынан кийин өкмөт башчылыкка талапкер чыгарбоого макул болгон. Бирок алар бүгүнкү шайлоодо Пашинянга каршы добуш берди.
Калган үч фракция, башкача айтканда, 47 депутат оппозиция лидерине добуш берерин убада кылган. Бирок аны колдойт деген 47 эл өкүлүнүн да экөө ар кандай себеп менен бүгүнкү жыйынга келбей калганы маалым болду.
Добуш берүү башталганга чейин Пашинян элди да көчөгө чыгып, парламентте жаңы өкмөт башчыны шайлоого көз салууга чакырган. Анткени ал "башкаруучу партия процессти бурмалап коюушу мүмкүн" деп чочулап турганын билдирген. Бүгүн эртеден бери миңдеген эл аянтта добуш берүү кандай болор экен деп күтүп жатты. Парламент жыйыны аянттагы элге түз көрсөтүлүп турду. Учурда Еревандын башкы аянтында миңдеген адамдар добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болуп жатат.
42 жаштагы Пашинян Арменияны президент катары 10 жыл башкарып, 17-апрелде кайра премьер-министрликке шайлангандан кийин отсавкага кетүүгө аргасыз болгон Серж Саргсян жана анын бийликтеги Республикалык партиясына каршы он миңдеген адам катышкан нааразылык акцияларынын башында турган.