Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Пашинян элди бийликке баш ийбестик акциясына чакырды

Армян оппозициясынын лидери, парламент депутаты Никол Пашинян 1-майда өкмөт башчылыкка шайланбай калгандан кийин кечинде аянттагы элге келип, сөз сүйлөдү. Ал өлкө жарандарын бийликке жапырт баш ийбестик акциясын баштоого чакырды.


"Эртең саат 8:15тен баштап жапырт иш таштоо, жолдорду, метролорду, аба майдандарын, мамлекеттер жана аймак аралык жолдорду, дегеле тосууга мүмкүн болгон бардык жерди тосо башташ керек", деген оппозиция лидери элди 2-майда саат 19:00дө Еревандагы Республика аянтына митингге да чакырды.




Оппозиция лидери, Армениядагы 13-апрелден берки нааразылык жүрүштөрүнүн башында турган депутат, премьер-министрликке көрсөтүлгөн Никол Пашинянга бүгүн парламенттеги жыйында 45 депутат "макул", 55 депутат "каршы" добуш берди. Премьер-министрликке шайланыш үчүн Пашинян кеминде 53 добуш алышы керек болчу.  


1-майда Армениянын парламенти Улуттук жыйындагы добуш берүүдө Никол Пашинян өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн жалгыз талапкер болду. 105 мандаттуу Армения парламентинде 58 депутаты бар мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы элдин сүрүнөн жана талабынан кийин өкмөт башчылыкка талапкер чыгарбоого макул болгон. Бирок алар, депутат Феликс Цолакяндан башкасы, бүгүнкү шайлоодо Пашинянга каршы добуш берди.


2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Армения толук парламенттик башкарууга өткөн жана премьер-министр өлкөдөгү эң жогорку кызмат адамы деп саналат. 


Парламент депутаты, 42 жаштагы Пашинян азыр Арменияны президент катары 10 жыл башкарып, 17-апрелде кайра премьер-министрликке шайлангандан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон Серж Саргсянга жана анын бийликтеги Республикалык партиясына каршы он миңдеген адам катышкан нааразылык акцияларын жетектеп жатат. 


Серж Саргсян кызматтан кеткенден кийин премьер-министрдин милдетин анын партиялашы Карен Карапетян аткарып жатат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *