Орусияда Навальныйдын тарапкерлери митингге чыкты
Барнаулда 15тей активист кармалса, Красноярскта Навальныйдын аймактагы штаб жетекчиси Яна Герасимованы полиция алып кетти. Мындан башка да шаарларда митингди уюштурган активисттер жана катышуучулар кармалып жатканын “Азаттыктын” орус кызматы жазып жатат.
Кечээ башталган бул акциялар учурунда да ондогон активисттер кармалып, полиция бекетине жеткирилген. Екатеринбургдагы Навальныйдын штабына полиция кызматкерлери келип, тинтүү жүргүзгөн жана акцияга даярдалган баракчаларды экспертизага алып кеткен.
Оппозиционер Алексей Навальный өз тарапкерлерин 5-майда Владимир Путиндин инаугурациясынын алдында акцияга чакырган.
18-марттагы шайлоодо Путин добуштардын 76,69 пайызын алган жана жаңы президенттик мөөнөтүнө 7-майда киришет. Москванын жетекчилиги оппозициянын акциясына макулдук бербей, прокуратура "мыйзамсыз митинг өткөрүү терс натыйжаларга алып келет" деп эскерткен. (ErN)