Киев: жикчилдер үйлөрдү аткылашты
Расмий Киев жикчил топторду Донбасстагы үйлөрдү аткылады деп айыптап чыкты. Өзүн-өзү мамлекет катары жарыялаган ДНРдин тарапкерлери кечээ Майорск кыштагын, бүгүн Зайцево айылын минометтордон аткылашканын украин аскерлери кабарлашууда.
Ишемби күнү таңга маал ондогон жайкын тургундар жүргөн учурда “Гнутово” өткөрмө бекети да жикчилдердин аткылоосуна кабылган. Ал жерде жаракат алгандар жана каза болгондор тууралуу кабар айтыла элек.
30-апрелде Донбасста “антитеррордук операция” формалдуу түрдө аяктаган. Анын ордуна эми “Бириккен күчтөрдүн операциясы” режими ишке кирген. Анын башчылыгына Украина президентине түздөн-түз баш ийген Сергей Наев дайындалган.
БУУнун маалыматына ылайык, Донбасстагы төрт жылдан берки согуш учурунда 10 миңден ашык адам каза болду. Алардын ичинде үч миңдейи жайкын тургундар. Киев менен Батыш өлкөлөрү жикчилдерге курал жагынан көмөк кылат деп Кремлди айыптап келет. Москва болсо бул дооматтарды четке кагууда. (ErN)