Лейлекте кайрадан сел жүрдү
Эртең ушул эле участоктордо жүргөн сел эки уйду агызып кеткени айтылган. Бир топ жолдорду да сел алган. Адам өмүрүнө жана турак жайларга коркунуч жоктугу маалымдалууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик жолдорду калыбына келтирүүгө аракет жасап жатышат.
Кечээ Кара-Суу районунда жана Кара-Кол шаарында да каналдардан суу ашып, ондон ашуун үйлөрдүн короолорун каптаган болчу. (ErN)