Токторов: ЖЭБди модернизациялоодо баалар “атайылап көтөрүлгөн”
- Келишим 2009-жылдан бери даярдалып келген. Ага көп киши катышкан. Мурдагы, кечээги президенттер да катышкан. Масалиев жакшы айтты, бизде президенттин чечими жок бир дагы маселе чечилбейт. Ратификация болуп жатканда жол-жоболор бузулган. Депутаттар дагы буга аралашып калсын деп ратификацияга алып келген. Чындыгында өтө акылдуу кишилер иштеген.
Токторов ТВЕА менен алдын алуу сүйлөшүүлөр болгонун белгиледи.
- 386 млн. боюнча айтып коёюн. Бул жерде маалымат алдын ала чыгып кеткен. ТВЕА менен алдын ала сүйлөшүүлөр болгон дагы өкмөткө түшүргөн. Калп эле "бааны түшүргүлө, ошонун үстүнөн иштегиле" деген каттар менен. Биздин комиссия эмнени чечет, инсайдердик маалымат кетип калган. Баасы болгону он же 4 млн. долларга түшкөн.
Ушул тапта ЖК Бишкек ЖЭБиндеги кырсык жана аны модернизациялоого жумшалган каражаттын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат. Жыйынга корутундуда аты жазылган мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышууда.
Буга чейинки талкууларда ЖЭБди оңдош үчүн алынган аттиштин баасы 600 доллар, видеокөзөмөл камералар 300 доллар деп көрсөтүлгөнү белгилүү болгон. (КЕ)