Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Рыспаев: Шадиев менен ТВЕАнын эсепчиси бир болгон

Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин эсепчиси Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөөгө катышкан кытайлык ТВЕА компаниясынын да эсепчиси болгон. Бул тууралуу парламент депутаты Кожобек Рыспаев ЖЭБ чырын талкуулаган жыйында билдирди.


- Шадиев Аскарбектин бухгалтери ТВЕА компаниясынын бухгалтери болуп чыгып жатат. Калп эмес. Эмне себептен мындай болуп калат? Бул шек жаратпайбы? Ушул эле комиссияга "Датка-Кеминди" иликтөөнү бериш керек. Аягына чейин иликтеп чыгыш керек. 1 чакырым чубалгы 640 миң долларга бааланып жатат. Мунун баары насыя, кайтарып бериш керек болот. Эмнеге биз бул жөнүндө унчукпайбыз?


Аскарбек Шадиев 2010-2012 – жылдары энергетика жана өнөр жай министри болуп иштеп турган.​ 


Ушу тапта Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкты жана аны модернизациялоого жумшалган каражаттын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат. Жыйынга корутундуда аты жазылган мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышууда. Корутундуга саясий баа берилчү, жоопкерчилигин карап көрө турган 30дай кишинин аттары жазылып, ал Башкы прокуратурага жана башка күч түзүмдөрүнө берилери айтылды.


КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн былтыр Жогорку Кеңештен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы быйыл жыл башында ачыкка чыккан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны УКМКга өткөрүп берген. Натыйжада парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров камакка алынган. Акча кымырылып кеткен маалда комитетти Аскарбек Шадиев башкарып турган. Мурдагы энергетика министри, экс-биринчи-вице-премьер-министр, азыркы депутат Аскарбек Шадиев февраль айынан бери эле күбө катары сурак берип жүргөн. Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевге 28-апрелде кылмыш ишин козгогон. Мунун алдында анын жардамчысы Шадиев дарыланыш үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *