Орусияда балдарды митингге чыгаргандарды жазалоо сунушталды
Мыйзамдын авторлору бул сунуш жашы жете элек балдарды "саясий популисттердин" колдонушуна бөгөт коюу, өспүрүмдөрдүн турмушун, ден соолугун жана өнүгүшүн коргоо максатын көздөй турганын билдирүүдө.
Февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Ички иштер министрлигине жаштарды уруксат берилбеген митингдерге тарткан топторго жана алардын жетекчилерине "чечкиндүү чара көрүүнү" тапшырган.
5-майда Орусиянын ондогон шаарында Путиндин төртүнчү президенттик мөөнөткө кызматка киришине каршы "Ал бизге падыша эмес!" аттуу митингдер өткөн.
“ОВД-инфо” укук коргоо порталынын маалыматына караганда, оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапкерлери уюштурган бул акцияларда 1600 адам кармалган. Алардын арасында жашы жете элек улан-кыздар да болгон. Полиция кызматкерлери өспүрүмдөрдүн колу-бутун кайрып кармап жатканы тартылган сүрөттөр Интернеттеги социалдык тармактарга чыгып, кызуу талкуу жараткан.