Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ЕБ депутаттары казак бийлиги менен "саясий туткундар" тууралуу сүйлөштү

10-майда Астанада Европарламенттин делегациясы Казакстан мажилисинде спикер Нурлан Ныгматуллин баштаган парламент депутаттары менен жолугушту.


Жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында Европарламенттин делегациясынын башчысы Ивета Григуле Петерс Казакстандагы нааразылык акциялары, анда коюлган талаптар тууралуу укканын билдирди. Ал бул маселени казак бийлиги менен сүйлөшкөнүн да айтты:


- Бул маселе биздин күн тартибибизде болду. Бул жакка келердин алдында электрондук почтабызга туткундарга байланышуу каттар келди. Казакстандын Башкы прокуратурасынан Макс Бокаев, Талгат Аян тууралуу жооп алып, 11-майда прокуратура өкүлдөрү менен да жолугушабыз.


10-майда Казакстандын Астана, Алматы, Орол, Актөбө, Атырау, Семей жана Чымкент шаарларында “саясий туткундарды камактан чыгарууну талап кылган” нааразылык акциялары өттү. Астанадагы митингге чыккандар Еврошаркеттин өкүлдөрүнө казак бийлигине коюп жаткан талаптарын жеткирүүнү сурануу үчүн келгенин билдиришкен. 


Кийин Астана менен Алматыдагы митингге катышкан ондогон адамды полиция "урусат берилбеген көчө жыйынын өткөрүп жатышат" деген негизде күч менен кармап кетти. Кармалгандардын бир тобу административдик жазага тартылды.


"Саясий туткундарды камактан бошотуу" урааны менен ондогон адам катышкан митингдерде социалдык, экономикалык жана саясий талаптар да жаңырды.


Казакстандык ири ишкер жана банкир, 2009-жылдан бери Европада бозгунда жашап жүргөн Мухтар Аблязов бүгүн Казакстандын бир канча шаарында өткөн митингдерди ал уюштурганын "Азаттыктын" казак кызматынын суроосуна жооп берип жатып айтты.


Өлкөнүн Ички иштер минристрлиги, Башкы прокуратура бүгүнкү митингдерге байланыштуу эч кандай пикир билдире элек.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *