Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутаттар ЖЭБ чуусуна парламент да жооптуу экенин эске салышты

Бишкектин Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айланасында түзүлгөн кырдаал үчүн өлкөнүн парламенти да жооптуу. Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев ушундай пикирин билдирди.


Бокоев ЖЭБди оңдоого насыя алуу тууралуу келишимди буга чейинки чакырылыштагы парламент бир күндө үч окуудан өткөрүп бергенин эске салды.


Ушундай эле пикирин эркин депутат Жанар Акаев да билдирди. Ал бүгүн бардык кемчиликтер үчүн өкмөт айыпталып жатканы менен депутаттардын жана башка жетекчилердин да жоопкерчилиги бар экенин эскертти:


- Бийлик алмашкандан кийин эр жүрөктөр көбөйөт. Биздин эң чоң трагедиябыз ушул. Учурда өкмөттүн мурдагы башчыларына “Эмнеге Атамбаевге каяша айткан эмессиңер!?” деп жатабыз. Убагында антип айтчулар аз болгон. Атамбаевден эмне талап, эмне сунуш болсо парламент аткарып турган, - деди Акаев.


Ал эми “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев ЖЭБ чуусун иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүүнү сунуш кылды.


Быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учураганда Бишкек шаары бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жерлери жарыксыз калган. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголгон.


2013-жылы 11-сентябрда Кыргызстандын парламенти ЖЭБди модернизациялоого Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашууну бекиткен. Ишти аткаруучу болуп кытайлык ТBЕА компаниясы дайындалган.


Авариядан кийин окуянын чоо-жайын, насыянын максаттуу пайдаланылышын иликтеген депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия "жооптуу" деген 30га жакын аткаминердин тизмесин түзүп, аларга укуктук баа берүүнү сунуш кылып жатат.


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өз дарегине айтылган пикирлер боюнча комментарий бере элек. (BkA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *