Чаткал-Ала-Бука райондорунун тургундарынын саламаттыгы текшерилүүдө
Кыргызстандын алыскы аймактарында дарыгерлер жетишсиз. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, дарыгерлер менен камсыздоодо шаар жана айыл ортосундагы айырмачылык сакталууда. Азыр өлкөдө 13 517 дарыгер жана 34 900 медкызматкер бар. Дарыгерлердин жалпы саны акыркы он жылда 9,8%, ал эми орто медициналык билими бар адистердин саны 19,4% жогорулаган. Ошол эле учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин саны он жыл аралыгында 202ге азайып кеткен. (КЕ)