Кубадагы авиакырсыктан 100гө жакын киши каза болду
Кубанын борбору Гаванада 18-майда "Boeing 737" жүргүнчү учагы аба майдандан анча алыс эмес жерде кыйрап, 100гө жакын адам каза болду. Учакта 104 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон. "Cubana de Aviacion" мамлекеттик авиакомпаниясына таандык учак Гаванадан Кубанын чыгышындагы Ольгин шаарына бет алган.
Азырынча каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу толук маалымат жок. Бирок маалымат каражаттары үч адам аман калганын, алардын абалы оор экенин жазууда.
"Авиакатастрофа болду. Курмандыктардын саны көп" деп жазды "Твиттердеги" баракчасына Кубанын башчысы Мигель Диас-Канель. Ал кырсык болгон жерге өзү да барды.
Учак 1979-жылы өндүрүштөн чыккан. Экипаждын мүчөлөрү, аба кемесинин капитаны мексикалыктар болчу. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.