Сириядагы исламчыл жоочулар акыркы анклавдан чыгып кетишти
Сириянын мамлекеттик массалык маалымат каражаттары исламчылардын Дамасктын жанындагы Ярмук анклавын таштап кетүүсүнө уруксат берген макулдашуу тууралуу кабарлашкан жок. Ишемби күнү Сириянын аскер кызматкери жоочулар менен кандайдыр бир макулдашуу болгонун төгүндөгөн.
Сириянын өкмөтү Ярмук анклавында өз бийлигин калыбына келтирүү менен Сириянын батышындагы эң акыркы козголоңчу районду жок кылган болот. Ошол эле кезде Түркия, Ирак жана Иордания менен чектеш жерлерде да Асаддын режимине баш ийбеген бир нече аймактар бар.
Лондондогу обсерваториянын өкүлдөрү кабарлашкандай, анклавга автобустар түн ортосунда кирип, жоочуларды жана алардын үй-бүлөлөрүн алып чыгып кеткен. Алар Дамасктын чыгыш тарабындагы Ал-Бадия облусундагы чөлдүү райондорго багыт алышканы кабарланды. (ErN)