Зулкарнайн Камчыбеков АКШда мелдеште жеңип, чемпиондук кур тагынды
Бул күнү Камчыбеков 170 фунт (77 кг.) салмак категориясында америкалык Антони Инзон (Antony Inzone) менен таймашты. Үч раундга созулган беттештин жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандык спортчуга ыйгарышты (29:27, 29:27, 29:27).
"Азаттыктын" кабарчысы менен болгон маегинде Камчыбеков беттештин жүрүшү тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
- "Art of War cage fighting 7" беттешинде 170 фунт салмакта (77 кг.) алгач профессионалдар арасында АКШ спортчусу Денни Одом (Danny Odom) менен рейтингдик беттеш өткөрмөкмүн. Бирок акыркы учурда атаандашымдын тапшырган тести туура эмес чыгып калып, ал беттеш болбой калды. Ошол себептен мага ышкыбоздор арасында чемпиондук кур үчүн таймашууну сунушташты. Бактыга жараша ал беттеште жеңишке жеттим. Үч раунддун жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти мага ыйгарышты.
Зулкарнайн Камчыбеков 25 жашта. АКШга 2015-жылы барган. 2016-жылдан тарта таймаштын аралаш түрлөрү боюнча (MMA - Mixed Maritall Arts) машыга баштаган. Жалпысынан сегиз бурчтукта төрт беттеш өткөрүп бардык атаандаштарын жеңди. Буга чейин CFFC (Cage fury fighting championship) уюму уюштурган үч беттеште жеңишке жеткен. Учурда EEFC (Extreme Evolution fight camp) спорттук клубунда машыгат. Таймаштын аралаш түрлөрүнөн сырткары грепплинг, самбо боюнча АКШда өткөн бир нече мелдештердин жеңүүчүсү. (ECh).