Эл аралык уюмдар казак бийлигин жалаа жабуу жөнүндөгү мыйзамды кайра карап чыгууга үндөштү
Кайрылуу авторлору прокуратура жана сот органдарынын Ratel.kz сайтына жана башка каражаттарга каршы мыйзамсыз чаралары тынчсыздантаарын, бул – Казакстанда укуктук система сын пикирлерди басууга колдонот дегенге жатарын белгилешти.
2-апрелде полиция Ratel.kz сайтынын жана Forbes журналынын жергиликтүү кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, компьютер, документтерди алып кеткен. Кийин тартип коргоочулар тинтүү мурдагы министр Зейнулла Какимжановдун доо арызынын негизинде болгонун айтышкан. Экс-министр сөз болгон ресурстар анын беделине шек келтирген жалган маалымат жарыялашканын ырастап келатат.
Укук коргоочулар жалаа жабуу жөнүндөгү мыйзамдын журналисттердин оозун жабуу үчүн колдонгонуна камтамасын билдиришет.