Милиция кызматкерлери үчүн үйдүн курулушунан мамлекет зыян тартканы аныкталды
Прокуратуранын маалыматы боюнча, 2016-жылы августта Ош облустук ИИБ менен ИИМдин курулуп жаткан ишканалар боюнча бириккен дирекциясы 12 кабат турак-жай салыш үчүн "П." аттуу ишкана менен келишим түзгөн. Бир жылдан кийин, былтыр ноябрда ал ишкана Ош облусундагы район аралык сотко Ош облустук ИИБ менен ИИМдин курулуп жаткан ишканалар боюнча бириккен дирекциясына каршы арызданып, аткарылган иштердин айырмасына 1,638 тонна арматура жана 4,437 миң кубометр бетондун акчасын - 118 млн. 777 миң сомду кошууну өтүнгөн. Сот арызды канааттандырган.
Ош шаардык прокуратурасы бул чечим боюнча Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. (ZKo)