Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

 Москвадагы көргөзмөгө кыргыз сүрөтчүсү А.Тешебаев да катышууда

Орусиянын борбору Москванын “Тушино” көргөзмө залында ар жылы болчу “Көркөм өнөр - бүгүн” көргөзмөсү өтүүдө. Бойок сүрөт (живопись), графика, декорациялык өнөр, икона тартуу өнөрү, дизайн жана арт-фото жанрында иштеген сүрөткерлердин 200дөй эмгегин камтыган көргөзмөнүн быйылкы темасы “Соопчулук иштер жана күнөөлөр” деп аталат.






Кыргызстандык сүрөткер Асатилла Тешебаевдин көрөрмандар сынына коюлган “Дүйнөнү бөлүштүрүү” жана “Асмандан айды алам дегендер” аттуу эки эмгегин да ушу айтылган өңүттөн караган жөндүү.


Май боёк менен тартылган бул эки бойок сүрөттүн девизи катары автор өзү кыргыздын “Кембагал байга жетем, бай күнгө жетем дейт” деген ылакап сөзүн алган. Түрдүү багыттагы мектептердин жана агымдардын өкүлдөрүн чогулткан бул көргөзмөгө Борбордук Азия авангардизминин чыгааны саналган өзбекстандык Х. Гулямов, орусиялык К. Уваров жана В. Сопп сыяктуу оргиналдуу сүрөткерлердин да бойок сүрөттөрү коюлган.


Көргөзмөнүн аталышы динге тиешелүүдөй көрүнгөнү менен андагы чыгармалар бүгүнкү секулярдык жүрүмдөгү кишилерге өзгөчө баалуу болгон элдин тарыхы менен кошо калыптанган салт, үрп-адаттар, адеп-аклакты чагылдырган.


Бул түшүнүктөрдө дайыма “жакшылык” жана “жамандык” же диний көз караштан алганда “сооптуу иштер” жана “күнөө” жанаша жүрөт.


Орусия сүрөтчүлөрүнүн чыгармачыл уюму, Орусия Сүрөтчүлөр Биримдигинин Москва бөлүмү жана Орусия көркөм өнөр академиясы биргелешип уюштурган бул көргөзмө 3-июнга чейин ишин улантат. (AU)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *