Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Астана Кытайда кармалган казактарды бошотууну суранды

Казакстан менен Кытайдын Тышкы иштер министрликтеринин консулдук департаменттеринин башчылары Кытайдан Казакстанга келип, жарандык алган казактардын маселесин талкуулады. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин кабарына караганда, өткөн аптада Бээжинде болгон жолугушууда тараптар “карым-катнаштын негизги маселелери жана эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо” тууралуу сүйлөшүү өткөргөн.


Астанадан барган делегация Кытайдан Казакстанга көчүп келип, жарандык алган казактардын маселесин көтөргөн. Тышкы иштер министрлиги “Кытайда кош жарандык үчүн кармалган казактарды бошотуу жана алардын ишин калыс, ачык-айкын кароо өтүнүчү” айтылганын билдирди.


“Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык районундагы казактардын көйгөйүн чечүүдө биргелешип аракеттенүү макулдашылды” деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.


Ошондой эле жолугушууда эки мамлекеттин ортосунда виза режимин жеңилдетүү маселеси да талкууланган. Жолугушууга Казакстандан Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору Ардак Мадиев барган.


Буга чейин Кытайдагы казактардын массалык кысымга учурап, Казакстанга келип жарандык алгандары кайра барган кезде кармалып, “саясий тарбия берүү” деп аталган лагерлерге күч менен жөнөтүлүп жатканы айтылган.


Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Лаура Стоун өткөн айда Бээжиндеги басма сөз жыйынында Кытайда аз сандагы улуттардын ичинен он миңдеген адам "саясий тарбия берүү" деп аталган борборлорго жиберилгенин маалымдаган. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Шинжаңдагы бардык калктар тынчтыкта жана өз жашоосуна ыраазы болуп жашап, иштеп жүргөнүн айтып, АКШга Кытайдын ички ишине кийлигишүүгө жол берилбей турганын да эскерткен.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *