Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Акыйкатчы абакта балдардын укуктары бузулуп жатканына кабатырланды

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргызстандагы абактарда жана убактылуу кармоочу жайларда отурган балдардын укуктарына тынчсыздануусун билдирип, алардын негизги көйгөйлөрүн аныктады. 


Атап айтканда, “Мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктары” деп аталган баяндамада айтылган маалыматтарга караганда, бардык облустарда атайын балдарды кармоочу тергөө изоляторлору салынган эмес.


Кыргызстандын “Бала жөнүндө” кодексинде ювеналдык юстициянын бир талабы катары өспүрүмдөр үчүн атайын сот болушу зарыл экени айтылган. Бирок өлкөдө балдар үч­үн бир да балдар соту ишке киришкен эмес. Ал эми жалпы соттордо балдарга байланыштуу иштер айлап-жылдап каралып, анын айынан көп балдар убактылуу кармоочу жайда узак убакыт отурушат. 


Маселен, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) караштуу №14 түзөтүү колониясындагы иштерди иликтей келгенде сот процессинин убагында балдар жабык мекемелерде бир жылга чейин, айрым учурларда андан да узак убакытка жатып калаары аныкталган. Буга соттун создуктурулуп каралганы себеп болгон. Иштердин 42% бөлүгүндө гана баланын кармалганы жөнүндө оозеки же жазуу жүзүндө анын ата-энесине маалымдалган. Ошондой эле кармалгандардын 36% жактоочу берилген эмес. 


Документте белгиленгендей, тергөө изоляторлорунда балдарга окуусун улантууга шарт жок. Натыйжада жашы жете электер адистештирилген билим ала албай, турмушта өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, андан ары өсүшүнө кедергисин тийгизет. Бул келечекте бул жерге түшкөн жеткинчектер кылмыш дүйнөсүнө жакындашуусуна кайрадан шарт жаратып берээри айтылган.


Жогоруда келтирилген көйгөйлөрдү чечүү жана балдар укуктарынын талапка ылайык сакталышы үчүн акыйкатчы Кубат Оторбаев тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуш киргизилгенин билдирди. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *