Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Албек Ибраимов депутаттарды муниципалдык кызматкерлерди урматтоого чакырды

Бишкектин мэри Албек Ибраимов шаардык кеңештин депутаттарын муниципалдык кызматкерлерге сый мамиле кылууга чакырды. 


29-май күнү Бишкек шаардык кеңешинин сессиясына чакырылган аткаминерлер кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазып, кетип калган себебин түшүндүрүп жатып, Албек Ибраимов буга депутаттардын да тиешеси бар экенин айта кетти:


- Эмне үчүн мындай болуп жатат? Бүгүн бул жерге келип, маалымат берүүгө жооптуу адам арызын жазып, кызматтан кетти. Сиздер долбоордун башына жаңы эле дайындалган кишини да суракка алып жатасыздар. Эмне үчүн бул маселе боюнча эки жылдан бери иш алып барып жаткан вице-мэрден маалымат алууга болбосун? Кызматкерлер эмнеге кетип атышат? Анткени ушул жерде сиздердин алдыңыздарда кемсинип тургусу келбейт. Сиздердин суроолор түздөн-түз суракка айланып жатат. Депутаттар тарабынан атайылап муниципалдык кызматкерлерди басынтуу болуп жатат. 


Бишкек шаардык кеңешинин 29-майдагы жыйынында маалымат берүүгө жооптуу вице-мэр Айгүл Рыскулова кызматынан арыз жазып кеткени маалым болгон. Ошондой эле бул жыйында Бишкектеги таштанды иштетүүгө грант жана насыя каражаттарын тартуу долбоору боюнча маалымат берүүгө чакырылган "Бишкек санитардык полигону" ишканасынын башчысы Болот Асаналиев да өз арызы менен иштен кеткени айтылды. Депутаттарга бул долбоор боюнча Гүлзат Кадыралиевадан маалымат сурашканда, жаңы эле дайындалган кызматкер көп суроолорго жооп бере алган жок.


Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *