Ала-Тоо аянтында башталган "Манас" айтуу төрт саат уланат
Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында ушу тапта «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылып жатат.
Бул иш-чара КТРКнын 60 жылдыгына карата уюштурулууда.
Манас айтып жаткандарды «Маданият. Тарых.Тил» каналында түз эфирде көрсөтүүдө.
Саланат ак калпакчандардын флеш-мобу менен коштолду.
Иш-чара төрт саат уланып, кечки саат 10до жыйынтыкталат. (RK)