Испанияда социалист Педро Санчес өкмөт башына келди
Анткен менен байкоочулар социалисттер парламентте аз болгондуктан, ал туруктуу министрлер кабинетин түзө алабы деп күмөн санап турушат. Мариано Рахой парламенттеги добуш берүүгө чейин эле кызматтан кетүүгө даярдыгын билдирип, Санчести куттуктаган.
Депутаттар Рахойдун кызматтан кетишин ал башында турган Элдик партия аралашкан коррупциялык чуудан улам талап кылышты. Сот мурдараак партиянын 30 мүчөсүн күнөөлүү деп тапкан. Өкмөттү 2011-жылдан бери жетектеп келген Рахой буга чейин коррупциялык иштер тууралуу беймаалым болгонун жана анын тиешеси жоктугун айтып, кызматтан кетүүдөн баш тартып келген.