Кыргыз-тажик чек арасындагы тирешүүдө тажик жараны башынан жарадар болду
Тажик тараптын айтымында, тирешүү талаштуу аймакка кыргыздар кирип барганда чыккан. Эки тараптын жарандарынын ортосунда уруш тутанып, кыргыз тарап таш ыргыта баштаганын Гафуржон Жураев билдирди.
Ал эми кыргыз тараптын жүйөсү боюнча окуяга "эки өлкөнүн чек арасын бөлүп турган жолду тажикстандык жарандар улам кичирейтип олтуруп Ак-Сай айыл аймагына карай кирип кетти" деген себеп менен Кыргызстан жарандары жолду кайра өз ордуна келтирүүгө аракет кылганынан улам чыккан нааразылык себеп болгон.
Тирешүүдөн кийин чек арадагы абал боюнча окуя болгон аймакта Тажикстандын Исфара районунун акими жана Баткен районунун жетекчилиги жолугуп, Тажикстан тарап чек араны бөлүп турган жолду кайра өз калыбына келтирмей болуп макулдашкандан кийин чогулгандар таркап кетишти.