Жогорку сот “бийликти басып алууга” айыпталган саясатчыларга чечим чыгарды
Бул саясатчылар менен бирге айыпталган мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга эркинен ажыратуу боюнча буга чейинки чечим өзгөртүүсүз калды. Сот жараяны жабык өттү.
Бектур Асановдун адвокаты Акин Токталиев мындай чечимге нааразы экенин белгилеп, Жогорку сот адвокаттар келтирген далилдерди эске албаганын билдирди.
Аталган төрт саясатчы 2016-жылдын мартында “бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалган. Соттолгондор өздөрүн күнөөсүз, ал эми кылмыш ишин саясий буюртма деп эсептеп, жогорку инстанцияга кайрылышкан.
Өткөн аптада коомдук ишмер Дастан Сарыгулов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, кылмыш ишин кайрадан карап чыгып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. (BkA)