Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Рыскулов: Чоң-Алайдагы газ куурун кытай аскерлери кайтарбайт

Кыргызстандын аймагы аркылуу Түркмөнстандан Кытайга өтчү газ куурун кытай аскерлери кайтарбайт. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, газ кууру жер асты аркылуу өтүп, аны кайтаруу Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде аныкталат. 


- Газ куурун кайтаруу Кыргызстандын мыйзамына ылайык күзөт кызматына же милицияга жүктөлүшү мүмкүн. Жер эч кимге берилбейт. Бул түтүкчөлөр жердин алды менен өтүп, Алайды эч качан экиге бөлбөйт, - деди Рыскулов. 


Буга чейин Кыргызстанда аталган газ куурунун курулушу боюнча талкуу жаралган. Анда бул келишимде өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратчу жагдайлар бар экенин жана аны кайтарууну Кытай тарап жүргүзөрүн айрым активисттер айтып чыгышкан.


Кыргызстандын аймагында газ куурун салуу 2019-жылы башталып, 2022-жылы бүткөрүлөт. Газ кууру Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы "Карамык" бекетинен башталып, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Эркечтам" бекетинен аяктайт.


Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай газ куурунун курулушу 2019-жылы башталып, долбоор боюнча үч жылда бүтө турганы көрсөтүлгөн. Курулуш долбоорунун баасы 1,2 миллиард долларга бааланган.


Бул долбоор ишке кирген соң Кыргызстанга жыл сайын 70 миллион доллар акчалай киреше түшүп, аны курууда жумушчулардын 80 пайызы жергиликтүү тургундардан тартылары айтылган. (BkA/KE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *