Путин: бензиндин азыркы кымбатташы “алгылыксыз”
Орус президенти бул тууралуу бүгүн эл менен түз байланыштагы суроо-жооп учурунда билдирди. Путиндин айтымында, күйүүчү майдын азыркы кымбатташы “алгылыксыз”, бул энергетика чөйрөсүндө акыркы убактардагы туура эмес тескөөнүн натыйжасы. “Май куюучу жайлардагы баа тышкы базарда чийки мунайдын баасынын, мунайга дүйнөлүк баанын өсүшүнөн улам болуп жатат. Компаниялар бензиндин наркына албай калган пайдасын кошууда”, - деди Путин Санкт-Петербургдун жашоочусу берген суроого жооп берип жатып.
Путин ошондой эле суроо-жооп учурунда вице-премьер Дмитрий Козак менен энергетика министри Александр Новакты түз байланышка чыгарып, өкмөт баанын өсүшүн ооздукташ үчүн чара көрөрүнө ишендирди.
Бул арада Кыргызстанда күйүүчү май мындан ары да кымбатташы болжолдонуп жатканын “Азаттыкка” бүгүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов “Азаттыкка” билдирди.
“Орусиядагы заводдордо май айында бензин менен дизелдик отундун баасы 10 пайызга жогорулады. Мындай көрүнүш Кыргызстандын рыногуна да таасирин тийгизип, орточо эсеп менен күйүүчү май литрине 2 сомго көтөрүлдү. Июнь айына карата маалымат алдык. Тилекке каршы, май айына караганда заводдогу баа дагы 2-3 пайызга жогорулаганы байкалып жатат”, - деди Кулов.
Ушул тапта Кыргызстандагы күйүүчү майдын бир литри үлгүсүнө жараша 42 сомдон 48 сомго чейин сатылууда. (UE)