Түрмө кайтарган аскер өзүн-өзү атып алды
Бишкектин четиндеги Жаңы-Жердеги өмүр бою соттолгондор кармалган №19 колонияда нөөмөттө турган 18 жаштагы аскер өзүн өзү атып алды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады. Маалыматка ылайык, окуя 6-июнда болгон. Аскер өз куралын ээгине такап туруп атып салган. Бул боюнча Аскер прокуратурасы тергөө амалдарын баштады.
Быйыл жазында аскерге чакырылган жоокерди мындай аракетке эмне түрткөнү азырынча белгисиз. Маалыматка караганда, аталган аскер Оштун Жапалак айылынын тургуну болгон. (BkA)