Скопье менен Афины Македониянын жаңы аталышы тууралуу макулдашууга кол коюшту
Македония менен Грециянын тышкы иштер министрлери мурдагы югославиялык республиканын жаңы аталышы тууралуу макулдашууга кол коюшту. Иш-чарага эки өлкөнүн өкмөт башчылары, Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү катышты.
Скопье менен Афинынын ортосундагы 27 жылдык талашка чекит койгон макулдашууга ылайык Македония эми Түндүк Македония Республикасы деп аталат.
1991-жылы Югославия ыдыраганда анын бир бөлүгү "Македония Республикасы" деген аталыш менен эгемен өлкө катары пайда болгон. Бирок Грециянын түндүгүндө ушундай аймак бар болгондуктан Афины ал аталышка каршы болуп келген. (RK)