Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ Орусияны ондогон саясий туткундарды бошотууга үндөдү

Кошмо Штаттар орус бийлигин укук коргоочу уюмдар “саясий туткундар” деп тааныган ондогон адамды абактан бошотууга үндөдү. Мамлекеттик департаменттин 18-июнда жарыяланган билдирүүсүндө 150дөн ашуун кишинин, анын ичинде украин режиссеру Олег Сенцов менен укук коргоочу Оюб Титиевдин аты аталат.


Сенцов Орусия Крымды каратып алгандан кийин аннексияланган аймакта 2014-жылы кармалган. Орус соту бир жылдан кийин аны “террордук чабуул коюуну пландаган” деген айып менен 20 жылга эркинен ажыраткан. Ал 14-майдан бери ачкачылык кармап жатат.  


“Мемориал уюмунун” Грозныйдагы кеңсесинин башчысы Титиев “баңгизат ташыган” деген кине менен январдан бери Чеченстанда камакта. Анын тарапкерлери ишти “жасалма” деп эсептешет. 


“Биз Орусияны саясий же диний туткундар катары таанылган адамдарды тез арада эркиндикке чыгарууга жана укук коргоо системасын башка көз караштагыларды кысымга алууга жана дин тутуу эркиндигин басмырлоого каршы колдонбоого үндөйбүз”, – деп айтылат билдирүүдө. 


Вашингтондун мындай билдирүүсүнө Москва дароо жооп берген жок. Буга чейин Орусиянын тышкы иштер мекемеси билдирүүнү кескин cындап, Вашингтонду "башка өлкөнүн ички ишине кийлигишип жатат” деп айыптаган.


Мамлекеттик департамент Орусияда бир жылдан бери тергөө абагында жаткан “Жахабанын күбөлөрүнүн” ишин белгилеген. Ошондой эле Саентологдордун чиркөөсү жана мусулман түрк динаятчынын жолун жолдогондор кысымга кабылып жатканы айтылган. 


​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *