Ала-Букада "жоголгон өспүрүмдү зордуктады" деп шектелген жигит сурак берүүдө
Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 15-июнда 17 жаштагы окуучу кыздын кечкисин дайынсыз жоголгону тууралуу ата-энеси райондук милицияга арыз жазып кайрылган.
Териштирүүнүн натыйжасында шектүү жигит ошол түнү аны өз автоунаасында алып жүргөнү аныкталган. Учурда бардык жагдайды милиция КЖКнин “Зордуктоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында териштирип жатат.
Айрым маалыматтарга караганда зордуктоого шектелип жаткан жигит жабыркаган кыз менен бип топтон бери мамиле куруп, сүйлөшүп жүргөндүгү айтылат.