Сот Жантөрө Сатыбалдиевди тергөө бүткүчө камакта калтырды (видео)
Мурдагы өкмөт башчысына бүгүн Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан кылмыш ишинин алкагында айыбы расмий угузулган. Соттун имаратына кирип баратып Сатыбалдиев күнөөлүү эмес экенин билдирген:
- Эч качан, эч качан күнөөмдү мойнума албайм. Мунун баары болбогон, ойдон чыгарылган нерсе, - деген ал.
Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө (“Кылмышка шериктеш болуу”) жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Коррупция”) каралган кылмышка шектүү катары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнда кармалган.
Бул кылмыш ишинин алкагында 5-июнь күнү экс-премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев да кармалып, камакка алынган.
Быйыл январдагы катуу суукта Бишкек ЖЭБи аварияга кабылып, абоненттерге бир жума бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган ишканага сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган. (ErN)