30-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргызстанда 30-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35;
Таласта түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36;
Баткенде түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29;
Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 24...29 градуска чейин ысык болот.
Бишкекте 30-июнда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18...20, күндүз 33...35 градуска чейин жогорулайт.
Шашылыш билдирүү: 29-июндан 1-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республикада сел жүрүү коркунучу жогору болот.