Москвадагы "Дикси" дүкөнүндө бир киши барымтага алынды
ТАСС агенттиги билдиргендей, "Тез жардамга" бир жабырлануучу тууралуу да маалымат түшкөн.
"Пятый канал" телевидениеси барымтага алган адам мас болушу мүмкүндүгүн билдирди. Ал сатуучуга бычак такап, 300 миң рубль берүүсүн жана күч кызматкерлери менен сүйлөшүүсүн талап кылган.
Кийинчерээк "Дикси" дүкөнүнүн кызматкери кылмышка шектүү киши сатуучуну эмес, сатып алуучуну барымтага алганын "Москва сүйлөйт" радиосуна кабарлаган.