Кадамжай: кыздын өмүрүн сактаган милиционер
Кадамжайда милиционер сууда агып бараткан кыздын өмүрүн сактап калды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 1-июль күнү Кадамжай райондук милициясынын "102" номуруна өспүрүм кыз телефон чалып, "өзүмдү сууга таштайм, жашоодон тажадым" деп айтып, телефонду коюп койгон. Маалымат түшөөрү менен милиция кызматкерлери бир нече топко бөлүнүп, издөө иштерин башташкан. Халмион айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Нурланбек Бегалиев Таш-Дөбө айылындагы каналда агып бараткан кызды көрүп калып, аны куткарган.