Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кишиневдо мэр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга каршы ири митинг өттү

Кишиневде өткөн айдагы мэр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга каршы он миңдеген адам катышкан митинг өттү. Жекшембидеги нааразылык акциясын батышчыл, оппозициялык партиялар жана жарандык активисттер уюштурду. Алар бийликти 3-июнда Кишинёв шаарынын мэрин шайлоодо уткан "Ар-намыс жана Чындык" платформасынын лидери Андрей Нэстасенин жеңишин таанууга чакырууда.


Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганы үчүн Жогорку соттун судьяларына кылмыш ишин ачууну талап кылышты. 


Демонстранттар “Мафия жоголсун!” деп кыйкырып, туура эмес чечим чыгарды деген судьялардын сүрөттөрүн кармап турушту.


Кишинев мэрин шайлоонун 3-июндагы экинчи айлампасында батышчыл талапкер, "Ар-намыс жана Чындык" платформасынын лидери Андрей Нэстасе 52,5 пайыз добуш алып, орусиячыл талапкерди уткан.


Бирок сот 19-июнда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, ага эки талапкер тең добуш берүү күнү элди үгүттөө үчүн социалдык медианы колдонгонун, мыйзам бузганын жүйө келтирген.


Батышчыл талапкердин жеңишинин таанылышын талап кылып, миңдеген демонстранттар шайлоодон бери демонстрацияларды өткөрүп келе жатышат.


Бирок шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну 25-июнда Молдованын Жогорку соту да колдогон. 


Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку соттун шайлоо жыйынтыгын "жараксыз" деп тапкан чечимин 29-июнда бекиткен.


Кишинев мэрин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын АКШ жана Евробиримдик да катуу сындаган.  




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *