Жыл башынан бери жол кырсыгынан 263 адам өлдү
- Кырсыктардын саны былтыркы жылдын алгачкы алты айына салыштырмалуу 7,14% аз. Каза болгондордун саны 15,7% аз. Бул алдын алуу иштеринин натыйжасы деп ойлойбуз. Быйыл башкармалыктын расмий сайты ачылып, коомчулук менен байланыш жеңилдеди. Мектептерде, окуу жайларында жол эрежери тууралуу сабактар өткөрүлүп жатты, - деди Тилек Оторов.
Кыргызстан - жол кырсыктары көп болгон мамлекеттердин бири. Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы 6 346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп. (AiA\ErN)