Чүйдөгү абакта жарадар болгон жоокердин абалы оор
21 жаштагы жоокер жарадар абалда кечээ эртең менен табылган. Ал өзүнө ок атып алган деп болжолдонууда. Автоматтан атылган ок жоокердин ээгине тийген.
Окуя болгон жерде Жаза аткаруу кызматынын ыкчам-иликтөө тобу жана Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү иликтөө жүргүзүп жатат.
Ушуга окшош эле окуя июнь айынын башында Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү колониясында да болгон. 18 жаштагы кароолчу кезмет учурунда АК-74 автоматы менен өзүн өзү атып алган. ЖАМКтын маалыматына ылайык, тергөө бул факты боюнча суицид деп жыйынтык чыгарган. (BkA)